Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо иш-чараларына байланыштуу Бишкектин милициясы 4-майдан 11-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
9-майда "Ала-Тоо" аянтында Жеңиш парады өтөт. Бул күнү коомдук коопсуздукту камсыз кылууга 2 миңдей милиция кызматкери чыгат.
"Ала-Тоо", "Жеңиш" жана Эски аянттардын тегерегинде бул күнү унаа кыймылына чектөө киргизилет. (RK)