Британиядагы Save The Children эл аралык уюму түрдүү мамлекеттердеги энелер үчүн түзүлгөн шарттарга байкоо жүргүздү. Сурамжылоого катышкан 179 өлкөнүн ичинде Кыргызстан 107-орунду ээледи.
Изилдөөгө ылайык, Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания, Швеция, Нидерланд, Испания, Германия, Австралия жана Белгия энелер үчүн эң ыңгайлуу мамлекеттердин сап башында.
Эң акыркы орунду Сомали ээледи. Ал эми Кыргызстанга коңшу Казакстан 58, Түркмөнстан 99, Өзбекстан 118, Тажикстан 127, Ооганстан 152-орунда.
КМШ мамлекеттеринин арасында Беларус алдыңкы, Тажикстан акыркы тепкичте. (SE)