Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Ошто согуш ырларынын фестивалы өтүүдө


4-майда Оштогу Токтогул сейил багында калаа окуучулары арасында согуш ырларын аткаруу боюнча сынактын алгачкы айлампасы болду. “Азаттыкка” Ош шаардык жаштар комитетинен кабарлашкандай, шаардагы ыр-күүгө шыктуу окуучулар арасында “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу сынактын биринчи кароо айлампасына 23 окуучу катышты. Алардын он бири финалдык турга тандалып алынды. Алар 9-май күнү “Согуш жылдарындагы ырлар” фестивалында финалдык турда жарышат. Жеңүүчүлөргө шыктандыруу үчүн гитара, комуз сыяктуу музыкалык аспаптар белекке берилет.

Иш-чара согуштун 70 жылдыгына карата Ош шаардык маданият, билим берүү башкармалыктары жана шаардык жаштар комитети тарабынан уюштурулууда.(YI)

XS
SM
MD
LG