Иш-чараны уюштуруп жаткан Мамлекеттик каттоо кызматы кооптонууларга негиз жоктугун, маалымат топтомдор программалык жактан коргоого алынганын айтууда.
Ал арада биометрикалык маалымат тапшырбагандарга байланыштуу күзгү шайлоодо талаш чыгары жөнүндө кеп тарады.
Жарандык активист Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” биометрикалык маалыматтардын кооптуулугу күн сайын өсүп жатканын билдирди. Укук коргоочу өзү жүргүзгөн атайын мониторингге таянып, айрым саясий партиялар маалымат топтомдорун өзүнө көчүрүп алган учурлар тууралуу кабардар экенин айтты:
- Маалымат топтоо борборлорун кыдырып чыктым. Маалыматтар туш келди тарап жатат. Буга чейин флеш-карталар, компьютер жоголгон. Анан да учурда саясий партиялар маалыматтарды көчүрүп алган тенденция байкалууда. Бул абдан опурталуу жагдай.
Ошол эле учурда Үмөталиева партияларды топтолгон маалыматтардын эмнеси кызыктырып жатканын айтпады.
Мамлекеттик каттоо кызматынан биометрикалык маалыматтардын көчүрмөсү партияларга берилгени тууралуу кабар тактала электигин, ар бир жарандын өздүк маалыматы атайын программа менен коргоого алынарын маалымдашты.
Мекеменин маалымат борборунун өкүлү Чынара Усупбаева аймактардагы маалыматтардын сакталышына жергиликтүү бийлик, техникалык жабдыктардын корголушуна ИИМдин бөлүмдөрү жооп берерин, топтолгон маалыматтар жүктөлгөн флеш-карталар атайын байланыш кызматынын жардамы менен борборго жеткирилерин билдирди:
- Аймактарда маалымат топтомду уурдап алган чакта да аны ача албайт. Флеш-картага бир нече коргогучтар орнотулган. Аны ачкан менен пайда жок, себеби, маалыматтар алгоритмде же болбосо шифрленип түшүрүлөт. Маалыматтар топтомуна тексттик редакторлор колдонулбайт. Эгер ал жашырылган кодду ачыкка чыгара алышса, анда пайдалуу болмок. Андай болгон күндө да бир борбордон алынган топтом эч кандай күчкө ээ эмес. Жыйноо пункттарынан алынган маалыматтар толук эмес топтом. Бардык маалыматтар борбордук базада оңдолуп, толукталат. Эгер башкы топтом базасын көчүрүп алышса анда башка кеп болмок.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бийлик күзгү парламенттик шайлоодо биометрикага байланышкан дагы бир маселеге такаларын белгилейт. Ал биометрикалык маалымат тапшыруудан баш тарткан миңдеген добуш берүүчүлөрдүн Баш мыйзамдагы укуктарын чектөөгө жатат дейт активист:
- Өзүм да, балдарым да биометрикалык маалымат тапшырган жокпуз. Эгер мени шайлоого катыштырбай койсо, ошонун негизинде эле бүт шайлоону жокко чыгарам. Менин артымда миңдей адам бар. Андан башка да миңдеген адамдар тапшырган эмес. Себеби, Конституцияда андай берене жок.
Деген менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин, жарандарга жетишерлик түшүндүрүү жана убакыт берилгенин айтып, мыйзам токтомуна ылайык биометрика тапшырбагандар добуш берүү укугунан ажырайт деди:
- Биз эми качанкыга чейин тигил айтты же бул айтты деп жүрөбүз. Конституцияга жазылбаганы менен “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча” мыйзамга кошумча киргизилип, ага президент кол койгон. Анда дал ошол биометрикадан өтпөгөндөр шайлоого кирбейт деп жазылып турат.
Кыргызстандын өкмөтү бир жаран – бир добуш принциби боюнча таза шайлоону камсыз кылуу максатында биометрикалык маалыматтарды чогултуп жатканын айтып келет. Бул кампания өткөн жылы 20-октябрдан тарта башталган.
Конституциялык палата Токтайым Үмөталиева беш ай мурда берген “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу боюнча арызын 25-майга жылдырды.
Өлкө боюнча биометрикалык маалымат берүүгө милдеттүү 3 млн. 884 миң 270 киши бар. 4-майга карата алардын 2 млн. 506 миң 240ы каттоодон өткөн.