Доллардын курсу төмөндөгөнүнө байланыштуу май айы үчүн газдын баасы 80 тыйынга арзандады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул айда жарандар үчүн газдын баасы куб метрине 13,87 сомду, ал эми коммерциялык жана бюджеттик мекемелер үчүн 17 сом 04 тыйынды түзөт.
Быйыл апрель айында “Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына сатылып, анын ордуна “Газпром Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. (BkA)