Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Ошто экс-депутаттын уулу наристенин өлүмүнө айыпталууда


Ошто 17-апрелдин таңында бала бакчадан чыгып келаткан эне-баланы сүздүрүп кеткен айдоочу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шарапат Мажитованын уулу экени аныкталды. Бул маалыматты "Азаттыкка" экс-депутат өзү тастыктады.

Буга чейин жабыркаган тарап кырсыктын себепкери экс-депутаттын баласы болгондуктан ал жазаланбай калат деп шектенип жаткан.

Мажитова мындай шектенүү негизсиз экенин айтып, уулунун камалышына тоскоолдук кылбаганын билдирди.

- Ата-энесинин астына ыйлап бардым. Кечирим сурадым. Балама колуң менен кылганды мойунуң менен тартасың дедим. Аны каматпай койгонго аракет кылган жокмун. Менин да неберем бар. Менин да жүрөгүм ооруп жатат.

Жабыркаган тараптын айтымында, мас айдоочу окуя болгон жерге унаасын таштап качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 жашар бала каза таап, кош бойлуу келин ооруканага түшкөн.

Айыпталуучу Кубаныч Исманов 36 жашта экени, ал кырсык учурунда мас абалда болгонун шаардык милиция тастыктады. Азыр ал тергөө абагында камакта жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG