Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

“ВБ” Атамбаевдин айланасындагы "бир ууч" адамдарды кайрадан айыптады


"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн бүгүнкү кайрылуусу саясий күчтөргө, жарандык коомго жана бизнес коомчулукка багытталды.

Көлөмдүү кайрылууда “саясий күчтөрдү, коомдук уюмдарды, бизнес коомчулукту, өлкөнүн жана ар бир кыргызстандыктын келечегин соттук өзүм билемдиктен, президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы бир ууч адамдардын мамлекеттик институттарга кысым көрсөтүүсүнөн коргоо үчүн чакырабыз”,- деп айтылат.

Атамбаевдин айланасындагы “бир ууч адамдар” катары “Вечерний Бишкек” президент аппарат башчысынын биринчи орун басары, президенттин мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмияновду, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду, президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевди атаган.

Бул адамдарды өткөн аптада президенттин өзүнө багыштаган кайрылуусунда “Вечерний Бишкек” "акаевдик-бакиевдик бийлик учурундагыдай башкарууну калыптандыра баштагандар" катары мүнөздөгөн эле.

“Вечерний Бишкектин” алгачкы кайрылуусунан кийин президент Атамбаев анда айтылган айыптоолорду тыкыр текшерүүнү Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитетине тапшырган.

"Бирок андан берки иликтөөнүн жүрүшү бизди күнөөлүү катары бул үч адам эмес, басма үйүнүн жетекчилиги таанылат деген бир жактуу жыйынтыкка алып келүүдө”, - деп айтылат бүгүнкү кайрылууда.

Буга чейин президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “Вечерний Бишкектин” анын дарегине айткан дооматтарын четке каккан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG