Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын саны 50гө жакын болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде Хакасиядагы “Мен - кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чекиров билдирди. Ал аймактагы үйү жабыркаган адамдардан кабар алып келген.