Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Азия банкы Ысык-Көл долбооруна каражат бөлөт


Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбооруна 35,5 миллион доллар берет. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Сапарбек Өмүракунов билдирди. Каражаттын 13 миллион доллары грант, 22,5 миллиону насыя түрүндө берилет. Кайтарым мөөнөтү 32 жыл, үстөк пайызы жылына 1% болот.

Каражат Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын суу түтүктөрүн оңдоп-түзөөгө, жаңы канализация куруу жана таштандыны жок кылууга жумшалат. Мындан сырткары биосфералык аймакта экологиялык уюмдарды көбөйтүү, аларды керектүү жабдыктар менен камсыздоо каралган.

АӨБ 2010-жылдан бери каржылап келаткан бул долбоордун алкагында облус боюнча билим берүү мекемелеринин 15 дааратканасы оңдолуп, 7 даараткана жаңы курулат. (AsA)

XS
SM
MD
LG