Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Парламент Кумтөр маселесин талкуулоодо


Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр маселесин карай баштады. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчилиги катышууда.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кумтөрдө "Центерра" менен тең үлүштөгү жаңы ишкана түзүүгө принципиалдуу түрдө каршы экенин, бул Кыргызстан үчүн зыян болорун айтты. Премьер-министр канадалык инвестор "Центерра" компаниясы менен келишимдин азыркы версиясын гана калтырып, болгону, анын директорлор кеңешинин курамын кыргыз тараптын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүүгө аракет кылыш керектигин билдирди.

Жогорку Кеңеш быйыл 26-февралда өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун алып келүү тапшырмасын берген.

7-апрелде Оторбаев Кумтөрдө үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү пайдасыз экенин, аны улутташтыруу демилгеси да начар сунуш экенин белгилеген. Кумтөр мурунку бойдон иштей бериши керектигин кошумчалап, эгер кимдир бирөө башка оптималдуу вариант сунуштаса, ошол адамга ордун бошотуп берүүгө даярдыгын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG