Ош: чөгүп кеткен жол
Ош шаарындагы Амир-Темир кичи районунун 101-көчөсүндө асфальт жол (узунунан 22 метр, туурасынан 5 метр) 4 метрге ылдыйга чөгүп кетти. Муну адистер соңку жааган кардан кийин жердин кыртышы бузулганы менен түшүндүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, аны тез арада калыбына келтирүүнү Ош шаардык Жол башкармалыгына жана Газ чарба башкармалыгына милдеттендирген. Кантсе да бул шаардагы жолдордун абалы начар экендигин дагы бир жолу эске салгандай болду. Каражат жетишсиздигинен шаардын Жол башкармалыгы жылына болгону 7 км жолду араң жамаса, 700 метр жолду гана жаңылай алат. Андан башка жүздөгөн километр жолдор жыртык-тешиги бүгүн-эртең да бүтөлчүдөй эмес.