Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Донецк жикчилдери украиналык 16 туткун аскерди бошотушту


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер туткундар бир тараптуу чечим боюнча бошотулгандыгын билдиришүүдө. Өзүн "Донецк элдик жумурияты" деп атаган жикчил бийликтин омбудсмени саналган Дария Морозова бошотулгандар Донецкинин аймагында кармалгандар экендигин бышыктады. Ал арада Украинанын ашкере улутчул "Оң сектор" куралдуу тобунун кол башчысы украин армиясынын кеңешчиси болуп келди. Куралдуу күчтөрдүн маалымат катчысы Олексий Мазепанын айтымында, Дмитро Ярош «волонтерлордун батальондору менен башкы штабдын ортосундагы байланышты» камсыз кылат. Яроштун «Оң секторунда» 10 миңдей киши бар деп саналат, бирок ал башка куралдуу уюшмалардай, украин армиясында катталган эмес.

XS
SM
MD
LG