Сириянын түндүк-батышында согушкерлер кармап кеткен 40 эркек кое берилгени айтылууда.
Алар дүйшөмбүдө Алепподон келе жатканда автобустан түшүрүлүп калганы айтылган. Алдын ала маалыматтар боюнча аларды кармагандар “ал-Каиданын” согушкерлери болушу ыктымал.