Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Бишкекте пенсионерлер флеш-мобго чыкты


Флеш-мобго катышкан пенсионерлер. 6-апрель, 2015-жыл. Бишкек.
Флеш-мобго катышкан пенсионерлер. 6-апрель, 2015-жыл. Бишкек.

Бишкекте бүгүн 200 чамалуу пенсионер “Карылар үчүн дене тарбия” аттуу флеш-мобго катышты. Эл аралык Helpage кайрымдуулук уюму жана Кызыл жарым ай коомунун демилгеси менен уюштурулган маданий иш-чара Тарых музейинин алдында болду. Акцияга чыккан улгайган кишилердин канындагы шекердин өлчөмү, кан басымы текшерилип, медициналык жардам берүү ыкмалары көрсөтүлдү. Флеш-моб 7-апрель - Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулду.

Маалыматтарга караганда, учурда дүйнөдө алтымыш жаштан улуу 868 миллион адам бар. 2050-жылга чейин бул сан 2 миллиардга жетери божомолдонууда. (ECh\SE)

XS
SM
MD
LG