Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Францияда кыргыз-француз бизнес форумуна катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Бүгүн Атамбаев француз президенти Франсуа Олланд менен да жолугат.
Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө сапары 23-мартта Австриядан башталган.
Франциядан кийин кыргыз делегациясы Швейцарияга барат. Ал жактан Алмазбек Атамбаев конфедерациянын президенти Симонетта Соммаруга жана тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
31-марттан 1-апрелге чейин өлкө башчысы Германияда болуп, президент Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркелдин кабыл алуусунда болот. (КЕ)