Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Кыргызстанда жумушсуздардын саны өсүүдө


2015-жылдын февраль айындагы изилдөө боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын расмий саны 59100 кишини түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымат таратып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ишсиз жүргөндөр 0,2 пайыз көбөйгөнүн билдирди. Адистер муну Орусияда рублдин арзандашы жана мыйзамдардын катаалдашканынан улам мекенине кайткан мигранттардын саны өскөнүнө байланыштырууда.

2014-жылдын январь-февраль айларында жумушсуздук 4 пайыз кыскарганы айтылган болчу.

Серепчилер Кыргызстанда ишсиздер көрсөткүчү расмий катталган сандан эки-үч эсе көп болушу мүмкүн экендигин белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG