Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Молдовада Крым жөнүндө тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды


Молдова бийлиги Крымдын Орусияга өтүшү тууралуу “Крым. Ата Журтка жол” аттуу даректүү тасманы өлкөдө көрсөтүүгө тыюу салды. Ал эми фильмдин жаратуучусу, мамлекеттик “Россия” каналынын журналисти Андрей Кондрашов менен “Орусия бүгүн” агенттигинин директору Дмитрий Киселовду персона нон грата деп жарыялашты. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, аталган журналисттер Молдовага беш жылга чейин кире алышпайт.

“Крым. Ата Журтка жол” тасмасы Кишиневдогу “Орусия бүгүн” агенттигинин кеңсесинде шаршембиде көрсөтүлмөк. Бирок ал көрсөтүлөр алдында агенттиктин өкүлдөрү өлкөнүн Маалымат жана коопсуздук кызматына чакырылып, тасмага тыюу салынганы айтылган. Ага чейин Молдованын президенти Николай Тимофти “молдовандардын ички иштерине кийлигишкени” үчүн айрым орусиялык депутаттардын өлкөгө киришине тыюу салуу демилгесин көтөргөн.

15-мартта “Россия-1” телеканалында көрсөтүлгөн “Крым. Ата Журтка жол” аттуу тасмада орус президенти Владимир Путин Крымдын Орусияга кошулушу тууралуу мурда белгисиз маалыматтарды айтып берген. Анда Путин “Крымды Орусияга кайтаруу боюнча жумуш” 2014-жылы 23-февралда Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Януковичти өлүмдөн сактап калуу менен башталып, өзү жетектеген операциянын негизинде жүргүзүлгөнүн шардана кылган.

Дмитрий Киселов “Россия-1” каналында аптаны жыйынтыктаган берүүнү алып барат жана адам укуктары, Батышка карата кескин билдирүүлөрү менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG