Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Азия чемпиондугунун тандоо оюндары Пакистанда өтпөй калды


Азиянын футбол конфедерациясы Азия чемпиондугунун тандоо оюндарын өткөрүүнү башка убакытка жылдыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди. Чечимге ылайык, коопсуздукка шектенүүдөн улам Пакистандын Лахор шаарында 23-марттан 31-мартка чейинки убакытка белгиленген Азия чемпиондугунун тандоо баскычынын “В” тайпасындагы беттештери (U23) болбой калды. Мындай чечимдин кабыл алынышына жакында эле Лахор шаарынын Йоханабад конушундагы жардыруу себеп болгон.

15-мартта жанкечтилердин чиркөөнү жардыруусунан 14 адам каза таап, 70ке жакын адам жаракат алган. “В” тайпасында Кыргызстандын Олимпиадалык курамасы менен биргеликте Кувейт, Йордания, Түркмөнстан жана Пакистандын командалары бар. Учурда тайпалык тандоо оюндарды өткөрүү аймагы жана оюндардын мөөнөтү такталууда.

2016-жылдагы футбол боюнча Азия чемпиондугу Катарда өтөт (ECh)

XS
SM
MD
LG