Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Израилде бүгүн жалпы элдик шайлоо күнү


Тель-Авивдеги шайлоо, 17-март, 2015.
Тель-Авивдеги шайлоо, 17-март, 2015.

17-марттагы парламенттик шайлоо алдында өткөрүлгөн сурамжылоолор премьер-министр Бенямин Нетаняху башындагы оңчул "Лихуд" партиясы, Ицхак Герцог башындагы солчул “Сионисттер биримдиги” блогунан аз добуш аларын көрсөткөн.

Нетаняху 16-мартта элге кайрылып, кайра премьерликке шайланса, күнкорсуз Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербейм деп убада кылды жана Иран менен ядролук келишим түзүүгө каршы экенин айтты.

Герцог Нетаняхуну социалдык маселелерге, айрыкча, кымбат жашоого көңүл бурбай, израилдиктерди тышкы коркунучтар менен коркутууда деп сындады.

“Сионисттер биримдиги” блогу палестиналыктар жана эл аралык коомчулук менен мамилени жакшыртабыз деп сөз берген. Бул блок 120 орундуу парламенттеги орундардын көбүн жеңет деп боолгонууда.

Нетаняху буга чейин үч жолу премьер-министрликке шайланган.

XS
SM
MD
LG