Ок атышууну токтотуу келишимине карабай, өкмөттүк күчтөрдүн өлкө чыгышындагы турумдары аткыланганын украин армиясынын расмий өкүлдөрү билдирүүдө.
Армиянын басма сөз катчысы Владислав Селезнев бүгүн Киевден маалымдагандай, акыркы бир күн ичинде Донецк облусунда армиянын сегиз шаарчадагы, Луганскта эки шаарчадагы турумдары аткыланган.
Армиянын расмий өкүлдөрү ошондой эле кечээ кечинде армиянын Мариупол шаарынын жанындагы Широкино кыштагында жайгашкан туруму да бир нече саат танктардан жана минометтон аткыланып, буга жооп кайтарылганын маалымдашты.
Жикчилер жарыялаган Донецк элдик республикасынын аскерий жетекчилеринин бири Эдуард Басуриндин ырастоосунда, акыркы бир күн ичинде ок атышууну токтотуу макулдашуусун украин аскерлери да бузган.
Бул маалыматтар ачыкка чыгар алдында, кечээ кечинде теледен сүйлөгөн кезинде президент Петро Порошенко өлкө чыгышындагы абалга, оор куралды майдан тилкесинен чыгаруу жараянынын жүрүшүнө оптимисттик баа берген эле.
Бирок украин президенти кошумчалагандай, ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө кирген 15-февралдан бери алар 64 жоокерин жоготкон.
Украинанын чыгышында былтыр апрелде куралдуу жаңжал тутангандан бери 6000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)