Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Улуттук филармонияда "Энекем менин бейишим" аттуу акция болот


Бул иш-чара атадан эрте ажыраган жаш өспүрүмдөргө колдоо көрсөтүү максатында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан уюштурулууда.

Аталган акциянын алкагында мекеменин карамагында турган 500 балага 4000 сомдон жөлөк пул берилет. Мындан сырткары көп балалуу Баатыр-энелерге, жашы улгайган аялдарга, томолой жетимдерди баккан айымдарга “Мээримдүү эне” наамы менен өзгөчө белектер тапшырылат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1500 атасыз балдар БДЖАнын эсебинен ай сайын 1350 сомдон жөлөк пул, мектепке керектүү окуу куралдарын, кийим-кече менен камсыз болуп турушат.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Кыргызстанда он беш жылдан бери иш алып барат. Негизинен атасынан эрте ажыраган балдарга кайрымдуулук жардам көрсөтүп келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG