Жалал-Абад шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Тумановдун "7-каналдын" үстүнөн жазган арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат өзү билдирди. Сот азырынча арызды кайтаруу боюнча комментарий бере элек. Депутаттын айтымында, ишти эми Сузак райондук соту улантышы мүмкүн.
Туманов “аброюма шек келтирди” деген кине менен баш кеңсеси Жалал-Абад шаарында жайгашкан "7-канал" өткөн айда сотко берген. Буга Ош жана жана Жалал-Абад шаарындагы айрым жер тилкелери анын кийлигишүүсү менен мыйзамсыз сатылып кеткени тууралуу жарыяланган сюжет себеп болгон.
"7-каналдын" жетекчилиги маалымат жарандардан түшкөн арыздын негизинде факт менен даярдалганын, журналистиканын стандарттары сакталганын айтууда. (RsK)