Баткен: касапчылар иш таштады
30 миңдей калкы бар Баткен шаарында 3 күндөн бери базарда эт сатылбай калкка түйшүк жаратты. Иш таштаган касапчылар мал союлуучу жайдын баасы кымбат болгонунан мурдагыдай эле үйдөн союлган этти сата берүү ниетин айтышкан. Жергиликтүү бийлик болсо эки тарапты бир пикирге келтирүүгө аракет жасап, дагы бир атайын мал сойгон жай ачууну пландап жатат.