Президентке акаарат келтирип, экстремисттик аракеттерге чакырган жана тыюу салынган "24 тобу" деген кыймылга мүчө болгон деген кинелердин негизинде Умеджон Солехов 17 жарым жылга кесиилди.
Дүйшөмбү калаасынын Исмоили Сомони райондук соту ошондой эле ал бошонуп чыккандан кийин беш жыл бизнеске аралаша албайт деген чечим чыгарды.
Солехов Орусиядагы тажик мигранттарынын жыйынында президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандыгы тартылган видео интернетке чыккандан кийин былтыр октябрда камакка алынган. Солехов качып жүргөн магнат Умарали Кулатовдун "24 тобуна" эч качан мүчө болбогонун айткан.