Ош: форумдагы салтанат менен ызы-чуу
3-мартта Ош шаарында укук коргоо органдары менен элдин катышуусунда коомдук тартипти сактоо боюнча форум болуп өттү. Бирок ал салтанат менен башталып, ызы-чуу менен коштолду. Форумда облустагы милициянын жана атайын кызматтын жыл ичинде аткарган иштери айтылды. Ага катышкан ички иштер министри Мелис Турганбаев тартипти сактоодо коомчулуктан жардам сурады.