Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

“Кайтал” ишканасы: Эшек эти Гонконгго сатууга даярдалган


Бишкектин четиндеги Манас айылында жайгашкан “Кайтал” ишканасы 20-январдан тарта эшек этин чет элдик кардарларга сатуу максатында сойгон. Жаңы союлган 605 эшектин эти экспорт кылына элек болгондуктан муздаткычта сакталып турган. Бул тууралуу бүгүн аталган ишкананын жетекчиси Алмаз Такырбашев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эшек этин келишимдин негизинде Гонконгдогу Solax trading LTD компаниясына сатуу пландалган. Кыргызстандын бир дагы кафе-ресторанына, эт сатуучу жайларга өткөрүлгөн эмес. Такырбашев эшек этин сатуу боюнча бардык документтер мыйзамдуу даярдалганын айтты.

- Чет элдик компания менен келишим өткөн жылдын 14-декабрында түзүлгөн. Solax trading LTD эт зоопаркка берилерин маалымдаган,- дейт Такырбашев.

Шейшемби күнү журналисттер тарабынан Бишкектин четиндеги Манас айылында жайгашкан сарайда ондогон эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканы аныкталган. Эт кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экени айтылган. Бул ишти азыр Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгы иликтеп жатат. Кылмыш иши козголо элек.

Соңку окуяларга байланыштуу Ветеринардык департамент атайын комиссия түзүп кафе-ресторандардын ашканасын жана эт сатылуучу жайларды текшере баштады. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG