Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас шаарынын айрым тургундары маалымдашты. Алардын айтымында, төө бурчактын баасы 30 сомго, жакшы сорту 40 сомго гана сатылып калды.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы 28-февралда төө бурчактын баасы 105-110 сомго сатылган (Төө бурчактын баасына анализди бул жерден окуңуз).
Талас облусунда төө буурчакты даярдоо жана экспорттоо менен 40тан ашык фирма алектенет. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 26сы экспорт иштерин алып барышууда. (ZMa)