Бул тууралуу Беларус тергөө комитетинин расмий өкүлү Юлия Гончарова жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
“Учурда Тергөө комитетинин борбордук аппаратынын тажрыйбалуу тергөөчүлөрүнөн турган топ иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бир катар экспертизалар дайындалды. Каза болгон кишинин тек-жайы такталууда. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду”, деди Гончарова.
Кечээ кечинде Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Алмамбет Анапияевдин Минскиде өлтүрүлгөндүгү тууралуу “Азаттыкка” күч тармактарындагы ишенимдүү булактары кабарлаган.
Маалыматты Анапияевдин жакындары да тастыктап, аны уктап жаткан жеринде белгисиз кишилер мууздап кеткенин социалдык тармактарга жазышты.
Беларус маалымат агенттиктери анын сөөгү 18-февраль күнү калаанын Либкнехт көчөсүнөн “Мерседес” үлгүсүндөгү унаадан табылганын кабарлады.
Өлгөн кишинин жанынан Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген Орусиянын паспорту чыккан. (МТо)