Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Президенттин парламенттеги өкүлүнүн жоопкерчилиги каралат


Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев 19-февраль күнү парламентте мамлекет башчынын мектеп окуучуларынын хижаб кийишине байланыштуу позициясын депутаттарга туура эмес жеткиргени үчүн анын жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Абдылдаев кечээ парламентте президент "диний кийимдерди" кийүүгө каршы экендиги тууралуу билдирген. Бирок мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаев «диний кийим» деген терминди колдонууга гана каршы экенин, мамлекет башчынын позициясына ылайык, дин кийим менен өлчөнбөй турганын айтат. Ошондой эле Атамбаев диний белгилер аралашпаган улуттук кийимдерди колдой турганы белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG