Кыргызстандагы этнос аралык ымаланы бекемдөөдө мугалимдердин ролун жогорулатуу темасында Бишкекте эки күндүк конференция өтөт. “Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фонду уюштуруп жаткан иш-чара 18-19-февраль күндөрү “Парк-Отель” комплексинде болмокчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун кызматкери Мээрим Шамудинова билдирди:
- Конференцияда улут аралык ынтымакты бекемдөө жаатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чараларга талдоо жүргүзөбүз. Жаштар арасындагы чыр-чатактарды азайтуу боюнча мугалимдер кандай жаңы усулдарды колдонушу зарылдыгы талкууланып, сунуштар айтылат,- дейт Шамудинова.
Конференция “Кыргызстандагы чыр-чатактарды азайтуу” долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Бишкектеги элчилигинин колдоосунда өтүп жатат. (SE)