Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Ирандын мурдагы вице-президенти камакка алынды


Мухаммад Риза Рахими
Мухаммад Риза Рахими

IRNA расмий агенттиги билдиргендей, мурдагы вице-президент Мухаммад Риза Рахими жемкорлук кылганы үчүн камакка алынды. Полиция аны 15-февраль күнү Тегерандагы үйүнөн колго түшүрүп, Эвин түрмөсүнө камаган.

Жогорку Сот Рахимини беш жылга эркинен ажыратуу чечимин өткөн айда чыгарган болчу. Өкүмгө ылайык, ал мамлекетке 800 000 доллар компенсация, 300 000 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Мухаммад Риза Рахими мурдагы президент Махмуд Ахмединижаддын башкы жардамчысы болуп иштеген. Жогорку даражалуу аткаминердин соттолушу жана камалышы Иранда сейрек кездешет.

XS
SM
MD
LG