Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Ошто дин өкүлдөрү Сирия коркунучун талкуулап жатат


Ош шаарында мечиттердин имамдары жана дин өкүлдөрү чогулуп, жарандардын Сириядагы согушка азгырылуусу жана анын алдын алуу маселесин талкуулап жатат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын колдоосунда Ош шаардык казыяты уюштурган жыйын Сулайман-Тоо мечитинде өтүүдө. Ага күч органдарынын кызматкерлери да катышып жатат.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, бүгүн Ошто республиканын түштүгүндөгү мечиттердин имамдарынын деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын борбор да ачылды. Сабактарды муфтият тандап алган адистер өтөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан Сирия жана Ирактагы калабага катышуу үчүн кеткен динчилдердин саны 200дөн ашат. Алардын 20дан көбү каза тапты. (YI\SE)

XS
SM
MD
LG