Шаардык кеңештин 25-сессиясында бүгүн Ош шаарынын 2015-жылкы бюджети кабыл алынат.
Шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Бекмурза Эргешовдун айтымында, бюджет 1 млрд сомго жакын деп пландалууда.
- 2014-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 787 млн 70 миң сомду түзсө, 2015-жылы 930 млн 663 миң сомго көтөрүлдү. Салык эмес кирешелерден 59 млн 400 миң сом, атайын каражаттардан 100 млн 296 миң сом, салык кирешелерден 770 млн 967 миң сом чогулат, - деди Эргешов.
Буга чейин Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин кабыл алуу үчүн коомдук угуу өткөн. Калаанын вице-мэрлери, тургундары, бейөкмөт уюмдар катышкан коомдук угууда 49 сунуш айтылган. (ErN)