Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинде башталган жаңжалда бери дегенде 50 миң киши набыт болду. Бул тууралуу Германиянын Чалгын кызматына шилтеме жасап, Frankfurter Allgemeine Sanntagszeitung гезити жазып чыкты.
Гезитте жарык көргөн макалада БУУ жана украин бийлиги келтирген маалыматтар адатта азайтылып көрсөтүлүп, ишенимсиз экени белгиленет.
3-февралда БУУнун өкүлдөрү Украинанын чыгышындагы тирешүүнүн курмандыктарынын саны 5400 адам болгонун билдиришкен. (ZMa)