Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Кулчулуктан куткарылган кыздын туугандары изделүүдө


Казакстандын Эмгекчил районунда кулчулукта жүргөн кызды "Замандаш" ассоциациясынын жардамы менен Казакстанда иштеген кыргыздар куткарып алышты. Маалыматтарга караганда, ал кыз Эмгекчил аймагындагы сарайда уй саап, мал бакчу.

"Замандаш" ассоциациясынын Алматыдагы өкүлү Туратбек Аманбаевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, кулчулукта жүргөн кыз өз абалы тууралуу башка бир кыздан айттырып жиберген. Бул кабар Алматыдагы базарда иштеген кыргыздарга жетип, алар "Замандаш" ассоциациясына кайрылышкан.

"Ал кызды 3 жыл мурда Нуриля деген аял тамекиге иштейбиз деп Казакстанга алып келип, кулчулукка сатып жиберген экен. Кыргызстандагы жакындарынын дарегин так билбейт. Учурда ата-энеси жана жакындары изделүүдө", - деди Туратбек Аманбаев.

Өзүн Жумагүл Жусуп кызы деп тааныштырган кыз 1990-жылы 23-мартта төрөлгөнүн айтат. Ушул тапта кызды "Сезим" кризистик борборуна убактылуу жайгаштыруу маселеси чечилип жатат. (ZKo/ZMa)

XS
SM
MD
LG