Ливияда үч кыргызстандык каза болду
Ливиянын Триполи шаарындагы Corinthia мейманканасындагы кол салууда набыт кеткендердин арасында үч кыргыз жараны да бар. Бул маалыматты “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эркин Исаков тастыктады. Авиажүргүнчүлөрдү коштоочулар Галина Колосветова, Гүлзина Бешбакова жана авиатехник Замирбек Бекетаев S.Group International авиакомпаниясында Стамбул-Триполи каттамында иштешчү. (Рейтер. 28.01.2015)