Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Косоводогу кагылышуулардан ондон ашык адам жарадар болду


Приштинадагы кагылышуулар. 27-январь, 2015-жыл.
Приштинадагы кагылышуулар. 27-январь, 2015-жыл.

Косовонун баш калаасы Приштинадагы полиция менен миңдеген демонстранттардын кагылышуусунан ондон ашык адам жарадар болду.

Каршылык акциясына чыккандар өлкөнүн премьер-министри Александр Яблановичти албандардын намысына шек келтиргени үчүн айыптап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Полиция демонстрацияга чыккандарды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгарган газ колдонгон.

Александр Ябланович өлкөнүн батышындагы Дяковицада шаарында православдык чиркөөгө серб зыяратчыларын киргизбей койгон албандарды “жапайылар” деп атаган. Ал эми албандар тобу зыяратчылардын арасында аскерий кылмышкерлер бар болгонун жүйөө келтиришкен.

Кийинчерээк Ябланович өз сөзү үчүн кечирим сураган.

Косово калкынын 90 пайыздан көбүн албандар түзөт.

XS
SM
MD
LG