Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, тестти жалпысынан 69 талапкер тапшырды. Жыйынтыгында 50 талапкер өтүп, 19у өтпөй калды. Судьялардан эң көбү 99, төмөнү 48 балл алган.
26-январда Жогорку Сотко караштуу судьяларды окутуу борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына тиешелүү документтерин тапшырган талапкерлер үчүн квалификациялык сынактын биринчи күнү өттү. Графикке ылайык тестирлөө 26-январдан 29-январга чейин 4 күн өткөрүлөт. Баардыгы болуп 10 топ бекитилген. 269 талапкер документтерин тапшырышкан. (КЕ)