Бирок эксперттер диний экстремизмди күч же жазалоо менен эмес, идеологиялык күрөш аркылуу тизгиндөөгө чакырышууда.
“Азаттыктын” кабарчысына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаарындагы тергөө абагында экстремизм жана терроризм үчүн айыпталып жаткан бир нече адам менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берилди.
Алардын баары буга чейин Сирияда аскердик даярдыктан өткөнүн, ал жактагы согуштук аракеттерге катышканын, Кыргызстан жана Өзбекстанда жардырууларды уюштуруу ниети менен келип, кармалып калышканын айтып беришти. Алардын көбү адашканын, эми буга чейинки ниеттеринен кайтышканын, мындан ары тынч жашоону каалашарын ортого салышты. Алардын бири мындай дейт:
- Фархат деген таанышым бар эле, ал мени динге чакырды. Аны менен жүрүп, исламга кызыга баштадым, намазга да барып жүрдүм. Кийин Орусияга барып, үч жыл бою орустарды тоноп жүргөм. Акыркы жолу саунада хижап кийип, сойкулук менен алектенген төрт орус кызды жана алардын “мамашасын” жок кылганбыз. Аларга биринчи эскертүү бергенбиз. Анан Ошко келип, үйлөндүм. 5-6 ай ушул жерде жашап жүрүп, кийин Сирияга кеттим. Ата-энеме Түркияга бизнес кылганы баратам деп айтып койгом. Апам мени азыр да Түркиядан келгенде камалды деп жүрөт. Сирияга барганымды атама гана айттым. Алар Сирияга барам десем түшүнмөк эмес. Анткени алардын диний билими жок. Эркиндикке чыксам тынч жашайм, үй-бүлө курам. Мусулман катары беш маал намаз окуйм, куран окуйм, ата-энеме жардам берем.
Бул арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук уюмдар менен кызматташкан жарандарга карата жаза чараларын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна сунуштады. Ал мыйзам долбоорунда террордук аракеттерге барган жарандарга карата жаза мөөнөтү дээрлик эки эсеге көбөйтүлмөкчү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов:
- Бир топ жарандарыбыз Сириядан кайтып келишип, өздөрүнүн жаңылганын моюнга алышып, азыр тынч оокатын кылып жатышат. Экинчи тобу болсо бул жакка келип, Ош жана Бишкек шаарларында террордук актыларды уюштурууга даярданып, же террордук уюмдарга кошулууга элди үгүттөшкөн. Аларга жаза чараларын катаалдантыш керек. Бул боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаганбыз.
Деген менен экстремизмге каршы күрөштө Улуттук коопсуздук кызматы жаза чараларын күчөтүү жолун тандаганын сындагандар жок эмес. Укук коргоочулар диний экстремизмди идеологиялык күрөш деп эсептешет. Конфликтолог Анара Жолдуева диний терроризмге жана экстремизмге ислам дининин баалуулуктарын каршы коюу керек деп эсептейт.
- Терроризмди бир гана жазаны күчөтүү менен токтотууга болбой турганын буга чейинки башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп келатат. Мунун баары адамдын ишенимине негизделген. Адамдар эч нерседен чочулабай жанкечтиликке чейин барып жаткан соң түрмөдө узакка отуруудан деле коркпошу мүмкүн. Ошондуктан күрөш идеологиялык багытта жүрүшү керек. Таасирдүү дин кызматкерлери исламдын таза, аруу жактарын жаштарга жакшылап түшүндүрүү иштерин колго алышы керек.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2014-жылы терроризмге байланышкан 137 кылмыш иши козголуп, анын 76сы тергелип, сотко жиберилген. Өткөн жыл ичинде жергиликтүү бийлик, жарандык коом жана дин кызматкерлери тарабынан 600дөн ашык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү 16-22 жашта болгондуктан түшүндүрүү иштери негизинен жаштарга багытталган.
Сирияга аттанган кыргызстандыктар тууралуу алгачкы маалыматтардын пайда болгонуна эки жыл болду. Бул арада 200дөн ашык кыргыз жараны согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирияда экени расмий аныкталган.