Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Батыш Африкада эболаны жуктургандардын саны азайды


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кечээги билдирүүсүнө караганда, эболадан каза тапкандар саны 8235ке жетти, бирок вирусту жаңы жуктургандардын саны кыскарганы байкалууда.

Эболага кабылган 20 747 кишинин жана андан каза тапкандардын көпчүлүгү Батыш Африкадагы үч өлкөнүн: Сьерра-Леоне, Либерия жана Гвинеянын жарандары.

Быйылкы жылдын 4-январына карата эболаны жуктургандардын эң көбү – 9780 учур Сьерра-Леонеде катталган.

Вирусту жаңы жуктургандардын азайганы Либерияда байкалууда. Эгер былтыр август-сентябрда бул өлкөдө эбола менен жумасына 300 адам аныкталса, өткөн аптада такталган 8, ыктымал 40 учур гана катталган.

Эбола кишиден кишиге биологиялык суйуктук аркылуу жуугучу эң коркунучтуу вирус катары бааланууда. (UE)

XS
SM
MD
LG