Улуу Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон өз өлкөсүнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча референдумду 2017-жылга чейин өткөрүүнү каалайт. Бул тууралуу британ премьер-министри BBCге маегинде билдирди. Кэмерон май айында өтчү парламенттик шайлоонун алдында өзү мүчө болгон Консервативдик партиянын айрым мүчөлөрүнүн жана евроскептиктердин басымына кабылган. Алар Британияны Евробиримдиктен чыгышын талап кылып келишет. Мындан улам Кэмерон эгер партиясы бийликке кайрадан келсе, Евробиримдик менен мамиле боюнча 2017-жылы референдум өткөрүүнү убада кылган.
4-январдагы маегинде Кэмерон референдум канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болорун айтты.
Кэмерон убада кылган реформа алкагында Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын санын чектөө жана социалдык төлөмдөрдү кыскартуу каралган.