Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Бостондогу бомба чабуулу боюнча сот иши башталат


Жохар менен Тамерлан Царнаевдер Бостондогу жардыруунун алдында
Жохар менен Тамерлан Царнаевдер Бостондогу жардыруунун алдында

АКШнын Бостон шаарында марафондогу бомбалоо үчүн айыпталган Жохар Царнаевдин үстүнөн сот иши 5-январда сот мүчөлөрүн тандоодон башталат. 3-январда сот Царнаевдин адвокаты киргизген сот ишин кийинкиге калтыруу же аны Бостондон башка жакта өткөрүү сунушун чекте каккан.

АКШнын жарандыгын алган Жохар Царнаев 2013-жылдын апрелинде марафондогу бомбалоодо үч кишинин өлүмү жана 260тан ашык адамдын жарадар болушу үчүн күнөөнү өзүнө алуудан баш тарткан.

Токмок шаарында туулган ага-ини Царнаевдердин кичүүсү Жохар күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Прокурорлордун айтымында, азыр 21 жашка караган Царнаев жана Кыргызстандын жараны болгон агасы Тамерлан марафон аяктоочу тилкеге жакын жерде жардыргыч салынган баштыктарды таштап кеткен. Тамерлан Царнаев жардыруудан кийин полиция менен атышууда окко учкан.

XS
SM
MD
LG