Кыргызстандын Акыйкатчы институту адам укугу жаатында жети доклад даярдаган, алар жакында коомдук угууга чыгарылат. Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” билдирди.
2014-жылды камтыган баяндамада кыйноолор, майыптардын, шаардагы кийим тигүүчү цехтерде иштеген кыз-келиндердин укуктары, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук ж.б ушул сыяктуу укук бузуулар боюнча тармактар бөлүнүп жазылган. Акыйкатчы Кыргызстандагы адам укугу жаатындагы жалпы абалга бир жактуу баа берүүгө болбой турганын белгилейт.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту 2002-жылы декабрда негизделген. (TSh)