Жалал-Абад шаарындагы "Ак-Жол" балдардын реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары жаңы жыл алдында Аяз атага кат жолдошту. Алар оюнчуктар менен катар, аяз атадан ата-энелерин ээрчитип келүүсүн суранышты. Борбордо жакындары таштап кеткен балдар быйыл эки эсе көбөйгөнү байкалган.