Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Киевде Украина президенти Петро Порошенко менен жолугууда. 21-декабрда Киевге расмий иш сапары менен Беларус президенти Александр Лукашенко да барган.
Порошенко Назарбаев менен Лукашенконун визитин “өз мезгилинде жасалган олуттуу жана символикалуу кадам” деп баалады.
Шейшембиде (23-декабрда) эки президент Киевден Москвага барышат. Москвада ЖККУ жыйынына Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан президенттери катышары күтүлүүдө.
Өткөн жума күнү Беларус президенти Лукашенко Москвага каршы сын айтып чыккан.