Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Евробиримдик комиссары Түркияга барды


Бүгүн Анкарада Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерининин эки күндүк сапары башталат. Максат - Түркияны өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган уюмдун согушкерлери менен күрөштө тыгыз кызматташууга көндүрүү жана Биримдиктин Орусияга каршы санкциясына каршы кадам жасабоого үгүттөө.

8-9-декабрдагы визит учурунда Могерини Анкарадан чет элдик согушкерлерди Түркиянын ичинен Сирияга өткөрбөөнү да суранат.

“Визит, - деди Могерини, - ЕБ-Түркия мамилесинин стратегиялык маанилүүлүгүн көрсөтөт.”

Түркиянын ЕБга мүчөлүгү жөнүндө сүйлөшүү 2005-жылдан бери үзүрсүз жүрүүдө. Анкара Украина кризисине байланыштуу Батыш Орусияга жарыялаган санкцияга кошулган эмес. Өткөн жумада президент Путин Анкарадагы сапары учурунда Евробиримдикке чыкчу “Түштүк агымы” газ долбоору токтотулуп, куур Түркияны көздөй тартыларын жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG