Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Юлдуздун Нью-Йорктогу концерти болбой калды


Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен тажик ырчысы Шабнами Сурайо.
Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен тажик ырчысы Шабнами Сурайо.

Өзбекстандык белгилүү ырчы Юлдуз Усманова менен тажиктердин таанымал ырчысы Шабнами Сурайо декабрга белгиленген АКШнын Нью-Йорк шаарындагы биргелешкен концертин белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырганын билдиришти.

Айрым маалымат булактары билеттери сатылып кеткен концерттин болбой калышына уюштуруучулардын ашкере амалкөй аракеттери себеп болду дешсе, экинчи тарап эки ырчынын документтери убагында даяр болбой калганын айтууда.

Нью-Йоркто ар бири 40 доллардан сатылган эки миңдей билеттин ээлери эми акчасын кайра кайтарып алуу убарасын тартып жаткан кез. Адегенде белгилүү өзбек жана тажик ырчыларынын биргелешкен концерти 25-октябрда өтөт деген жарнамалар Нью-Йорктун борбор азиялык мигранттар көбүрөөк байырлаган райондорунда жайнап илинген. Андан кийин концерт Юлдуз Усманова менен Шабнами Сурайонун документтери даяр болбой калгандыктан декабрга жылды деп жарыяланган. Эми минтип, концерт болбой калды деген маалымат тарады.

Өзбек шоу-бизнесинин аки-чүкүсүн жакшы билген, Юлдуз Усманованын концерттерин чагылдырып жүргөн адам “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына маек куруп, Нью-Йорктогу концерттин болбой калышына элди чакырып, билет саткан ортомчулардын Стелла аттуу жетекчи айымы күнөөлүү деп билдирди:

- Стелла аттуу аял бул концертке башкы уюштуруучу болгон. Ортого дагы бир самарканддык жигит кошулган. Бул жерде Юлдуз Усмановада күнөө жок. Саясий себеп да жок. Ортодо жанагы Стелла деген аял алдамчылык кылып кетти. Бул аял илгери дагы далай өзбек музыканттарына ызы-чуу салган.

Ысымын ачык айтууну каалабаган өзбек шоу-бизнесинин өкүлү Нью-Йоркто Юлдуз менен Шабнаминин концерти болорун жарыялап, ортодо акча жасагандар кадимки шылуундар экенин, мындай окуялар буга чейин да болуп келгенин айтат.

- Продюсермин деген киши баланча концерт болот деп афишаларды чыгарып, көчөлөргө илет, билеттерди сатат. АКШда ошол билетке кеткен 40 долларды кайтарып алам деп жумуштан суранып, машине толгон жолдо далай убактысын коротуп, акчасын доолагандар көп деле болбойт. Экинчиси - бул камсыздандыруу иштерине байланыштуу. Эгер концерт болбой калса чыгымды төлөп бере турган пункт киргизилет. Манхеттенде бул ишке теги орус камсыздандыруучулар тартылат. Бул схема артист алып келип концерт бергенден алда канча пайдалуурак.

Эки ырчынын биргелешкен концерти бул ирет Нью-Йорктогу чоң концерттик залдардын биринде жана килейген кеменин ичинде да болот деп жар салынган. Буга чейин эки ырчы тең Америкага барып концерт коюп келишкен.

Юлдуз Усманованын сайтында ырчы өзүн алданып калгандай сезип капа болгону айтылса, тажик ырчысы Шабнам жаңы жылдык иш-чаралардан улам колу бошобой, Нью-Йорктогу концерти кийинкиге жылдырылганын билдирет.

Юлдуздун өкүлү ырчы Америкага даярданганга деп 50 миң доллардай акчаны демөөрчүдөн алып, сарптап койгонун кошумчалады. Ал ошондой эле АКШдан жөнөтүлгөн чакыруу кагазы атайлап туура эмес толтурулган болуу мүмкүн деп эсептейт.

Макала Өзбек жана тажик редакцияларынын материалдарынын негизинде даярдалды.

XS
SM
MD
LG