Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Адвокаттар коомдук уюмга бирикти


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын адвокаттарынын биринчи съезди өтүп жатат. Юстиция министрлигинен кабарлашкандай, анда адвокатуранын Уставы, Кесиптик этика кодекси жана Окуу борбордун Уставы кабыл алынып, Адвокаттар кеңешинин курамы бекитилет.

Быйыл июнда адвокаттык ишмердүүлүктү жөнгө салган мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда жоопкерчилик боюнча талап катуулап, бир уюмга биригүү тууралуу жазылган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, буга чейин адвокаттар аталган мекемеден лицензия алып, өз алдынча иштечү. Эми бардыгы жаңыдан түзүлүп жаткан Адвокаттардын коомдук бирикмесине мүчө болууга милдеттүү. Эгер ага кирбесе адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан ажырайт. Министрликтен лицензия алуу талабы ошо бойдон калат, бирок үч жылда бир сынак өткөрүлүп турат.

Кыргызстанда мамлекеттик реестрде 4 миңдей адвокат бар. Алардын айрымдарын өкмөт акча төлөп, балдар, майыптар жана башка аялуу абалдагылардын укугун коргоо үчүн иштетет. (RK)

XS
SM
MD
LG