Кыргыз жана орус акыйкатчылары Бакыт Аманбаев менен Элла Памфилова Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын абалы боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзмөй болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчынын маалымат катчысы Айнура Каниметова билдирди.
Анын айтымында, 11-ноябрда Москвада эки акыйкатчынын жолугушуусу өтүп, мигранттардын укугун коргоо маселеси талкууланды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумга кол коюлду. Мониторингдин жыйынтыгында түзүлгөн доклад мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин кароосуна чечим чыгаруу үчүн жөнөтүлөт.
Бейрасмий маалымат боюнча Орусияда бир миллионго жакын кыргызстандык иштейт. Жыл башынан бери ошол жакта каза тапкан 229 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине келгени кечээ расмий айтылды. (RK)