Орус бийлиги аларга виза туура эмес берилген деп билдирди. Студенттер Питерге жаш лидерлердин эки жумалык конференциясына катышуу үчүн барышкан учурда федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалышкан. Студенттердин биринин атасы “балдар кыска убакытка кармалып, сот жообуна тартылышканын жана 110 евродон айыппул төлөшкөнүн” журналисттерге айтты. Америкалык студенттер 11-ноябрда кайрадан мекенине учуп кетишти.
Федералдык миграция кызматынын өкүлү Юлия Николаева TASS агенттигине бул төрт америкалык жаран Орусияга туристтик виза менен келишкенин, бирок алардын аракети “социалдык - саясий ишмердикке” жатарын билдирген.